Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
«Такси 3» тасмасынын жылдызы Бай Лин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет
21.08.2026 | 11:13

Голливуд актрисасы Бай Лин (Bai Ling) Кыргызстанга келерин билдирди. Ал 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышат.
Актриса бул боюнча видеокайрылуу жасап, анда Кыргызстандын маданияты жана каада-салты менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген.
Бай Лин — кытай тектүү, Голливудда жана эл аралык кинодолбоорлордо жараткан ролдору аркылуу дүйнөлүк деңгээлде таанылган актриса. Ал «Карга» (1994), «Кызыл бурч» (1997), «Анна жана король» (1999), «Такси 3» (2003) жана башка көптөгөн белгилүү Голливуд тасмаларында роль жараткан.
КРдин Маданият министрлиги кино жылдыздын келиши Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маанилүү эл аралык окуялардын бири катары бааланарын билдирди.