КР УКМК бийликти басып алууга чакырык жасаган Threads’тин дагы бир колдонуучусун кармады

21.08.2026 | 11:30
КР УКМК бийликти басып алууга чакырык жасаган Threads’тин дагы бир колдонуучусун кармады — Новости Кыргызстана

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган материалдарды тараткан деп шектелген Threads социалдык тармагынын дагы бир колдонуучусун кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү социалдык тармакта мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга чакырган укукка жат маанидеги билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап жана таратып келген.

УКМКдан билдиришкендей, таратылып жаткан материалдар коомдук тартиптин бузулушуна жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздугуна да алып келиши мүмкүн болчу.

44 жаштагы Т. Д. Ш. аттуу жаранга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жасоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү аныкталган билдирүүлөрдү жарыялаганга тиешеси бар экенин мойнуна алды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Threads социалдык тармагынын дагы бир колдонуучусу кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 46 жаштагы киши да бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган деп шектелүүдө.

Scroll to Top