Таксилерге лицензия берүү сунушталды. Шарты жана баасы

Таксилерге лицензия берүү сунушталды. Шарты жана баасы

Ички иштер министрлиги таксисттерди лицензия алууга милдеттендирүүнү көздөөдө.  Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору аркылуу жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо максатын көздөйт.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов 2009-жылы жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу  ишмердигин лицензиялоо алынып салынганын эске салып, эки кайра киргизилишинин себебине кызыкты.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында ушундай сунуш каралып жатканын айтып, бул жаатта жол кырсыктары арбын болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Ал эми депутат Карим Ханджеза лицензия берүү критерийлерин сурады.

Ички иштер министрлигинин өкүлү лицензия алуу үчүн үч жылдык стаж, унаасынын техникалык көзөмөлдөн өткөндүгүн тастыктаган маалымат, патент, социалдык коргоо жана камсыздандыруу документтери талап кылынарын кошумчалады.

«Бул шарттар аткарылгандан кийин гана бир жылга лицензия алууга болот. Аны жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Эгерде лицензиясы жок адам иштесе, анда жеке адам 7500 сом, юридикалык жактар ​​3000 сом төлөйт. Эгерде мыйзам бузуулар болсо, жеке тарапка 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом айып салынат. Лицензия жеке тарапка 500 сом, фирмаларга 1000 сом болот», — деди ал.

Депутат Талайбек Масабиров такси фирмаларын көзөмөлдөө мүмкүн экендигин, бирок жеке таксисттерди текшерүү татаал болоруна токтолду.

Талкуунун соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>