Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Президент футболдук мелдешке катышат – оюндардын жадыбалы
13.12.2022 | 17:12
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук мелдеши 14-15-декабрда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
«Газпром” спорт комплексинде («Арча-Бешик») жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.
Турнирге төмөнкү комндалар катышат:
- Президенттин командасы
- Маданият өкүлдөрү – «Өнөр»
- Белгилүү ишкерлер — «Бизнес»
- Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – «Журналисттер»
- Футбол ардагерлери – «Алга»
- Спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»
- Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — «Аймактар»
- Дин өкүлдөрү – «Ыйман»
- Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – «Элчилер»
- Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»
- Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — «Билим»
- Сот бийлигинин өкүлдөрү – «Фемида»
- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»
- Белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»
- Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – «Достук»
Оюндардын жадыбалы:
[image_carousel source=”media: 169001,169002,169003,169004,169005,169006″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар