Казакстанда ЖККУнун «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктады

19.09.2026 | 11:10
Казакстанда ЖККУнун «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктады — Новости Кыргызстана

18-сентябрда Казакстандын «Коктал» окуу полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Борбордук Азия чөлкөмүнүн Ыкчам жайылтуу жамааттык күчтөрүнүн «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлери тоолуу-чөлдүү шарттарда биргелешкен аракеттерди иштеп чыгышкан. Анда Ыкчам жайылтуу жамааттык күчтөрүнүн Казакстандын Чек ара кызматы жана Улуттук гвардиясынын бөлүктөрү менен өз ара байланышына өзгөчө көңүл бурулган.

Жабылыш аземине ЖККУнун Бириккен штабынын жана Катчылыгынын, уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышкан. Анда аскер кызматкерлерине, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылган.

Коргоо министрлиги бул машыгууга Кыргызстандын аскерлеринин катышуусу бөлүктөрдүн ортосундагы биргелешкен аракеттерди жана күжүрмөн шайкештикти бекемдөөгө багытталганын билдирди.

Теги: ЖККУ
Scroll to Top