«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Орусияда алдын ала маалымат боюнча беш партия Мамлекеттик думага өтүүдө — РФ БШКсынын башчысы
21.09.2026 | 10:40

РФ Мамлекеттик думасына өткөн шайлоодо протоколдордун 13,88%ы иштелип чыккан соң, «Единая Россия» партиясы добуштардын 57,54%ын алууда. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
• «Единая Россия» — 57,54%;
• КПРФ — 13,67%;
• ЛДПР — 9,27%;
• «Новые люди» — 7,96%;
• «Справедливая Россия» — 5,16%.
Ошентип, алдын ала жыйынтыктарга ылайык, бардык беш партия тең партиялык тизме боюнча Мамлекеттик думага өтүү үчүн беш пайыздык босогодон өтүп жатат.
Бардык шайлоо тилкелери жабылган учурга карата шайлоочулардын катышуусу 56,66%ды түздү.
Памфилованын айтымында, шайлоонун акыркы жыйынтыктары 25-сентябрдан эрте чыгарылбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом