Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тарыхыны танууга чакырды. Бул тууралуу анын 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү карата куттуктоосунда айтылат.

«Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес деп айтылат. Калети жок таасын сөз. Анын сыңарындай, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташы абзел!», — дейт өлкө башчысы.

Мамлекеттин жетекчиси Кыргызстандын кылымдарды карыткан бай тарыхын белгилейт.

«Кайың барбы кыргыз балта чаппаган… Кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган» деген жүрөктү эзген саптар да тегин жеринен жаралган эмес. Азыркы эгемендигибиз «Манас» дастанында айтылган, доорлордон бери эңсеген тилегибиз болгон. Ак мөңгүлүү Ала-Тоону каны-жаны менен коргоп, бүгүнкү муундарга мураска калтырган ата-бабаларыбызга миң мертебе таазим!», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Президент  репрессия учурунда каза болгон  Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенциябыздын өкүлдөрүнүн эмгектерин эстен чыгарбоого чакырды.

«Тилекке каршы, кайран кишилер кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Ошондон улам, 7-ноябрь дал ушул саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет», — дейт ал.

Кыргызстан 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>