Таштандыны башаламан ыргыткан чет элдик жарандарга 8 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Биринчи май районунун Осипенко көчөсүндөгү үйдө турган чет элдиктер шаардын көркүн жана тазалыгын бузушкан.
Аларга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча 8500 сом айып пул салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз