Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаранга айып пул салындыБишкек ШИИББнин башчысынын мурдагы орун басары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди — чоо-жайыКыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылатКыргызстанда халал продукцияны QR-код жана сертификат менен сатуу сунушталуудаАйыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылды
Тажикстан менен Түркмөнстан келишимге эмнеге кол койбой калган? Жооп
27.07.2022 | 23:13
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн Консультативдик кеңешинин жыйынтыгы боюнча Тажикстан менен Түркмөнстандын башчылары эмне үчүн келишимге кол койбой калганын түшүндүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Документке 2-3 жуманын ичинде кол коюлат, ички процедуралар ушунча убакытты алат. Биз буга толук ишенебиз», – деди Кулубаев.
ЖМК өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен болгон жыйынтыктоочу жыйынга Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана Юстиция министри Аяз Баетовдор катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат