Бишкектин үч конушунда 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБишкекте 20-21-ноябрда таштандыларды массалык түрдө чыгаруу акциясы өтөтКыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштадыКыргызстандын 2027-жылкы бюджетине жаңы чыгымдарды кошуу сунушталды Ошто Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу каралуудаБишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалды
Тажикстандагы жарылуудан 15тен ашык киши жабыркады
02.05.2021 | 10:54
Дүйшөмбү шаарынын батыш четиндеги май куюучу жайда катуу жарылуу болгонун Тажикстандын борборунун өрт өчүрүү кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 1-майда саат 19: 30да Зарафшон кичи районунда болгон.
Өрт мамысы 50 метр бийиктикке жетип, жакын жерде турган үйлөр жабыркаган. Өрттү он экипаж бир жарым сааттан ашык өчүрдү.
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, жабыркагандар жана жаракат алгандар бар, бирок алардын саны белгисиз.
Жакын жерде жайгашкан тез жардам станциясынын тез жардам бөлмөсүндө аларга жарылуудан 15 адам күйүк жана башка жаракаттар менен кайрылышканын “РИА новости” жазды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар