Ноокатта электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланган. Башкы прокуратура иш козгодуМанас шаарында 500 орундуу мектеп курулуп жататКөчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланатБишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылдыЧет өлкөлүктөргө кыргызстандык карын энелердин кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда1-сентябрдан тарта «Амина» тиркемеси Москвадагы чет өлкөлүктөр үчүн милдеттүү болот
Тажикстандагы жарылуудан 15тен ашык киши жабыркады
02.05.2021 | 10:54
Дүйшөмбү шаарынын батыш четиндеги май куюучу жайда катуу жарылуу болгонун Тажикстандын борборунун өрт өчүрүү кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 1-майда саат 19: 30да Зарафшон кичи районунда болгон.
Өрт мамысы 50 метр бийиктикке жетип, жакын жерде турган үйлөр жабыркаган. Өрттү он экипаж бир жарым сааттан ашык өчүрдү.
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, жабыркагандар жана жаракат алгандар бар, бирок алардын саны белгисиз.
Жакын жерде жайгашкан тез жардам станциясынын тез жардам бөлмөсүндө аларга жарылуудан 15 адам күйүк жана башка жаракаттар менен кайрылышканын “РИА новости” жазды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар