ТИМ: Кыргызстандык 27 студент Гонконгдон чыгып кетти

ТИМ: Кыргызстандык 27 студент Гонконгдон чыгып кетти

Гонконгдо билим алып жаткан Кыргызстандык 27 студент аталган аймактан чыгып кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, студентер 18-19-ноябрь күндөрү Гонконг—Алматы—Бишкек жана Гонконг—Москва—Бишкек каттамдары аркылуу учуп кеткен.

“Студенттерди аэропортко чейин жеткирүүгө кеткен чыгым Кыргызстандын Гуанчжоудогу башкы консулдугунун каражатынан бөлүндү. Калган студенттер 21-22-ноябрь күндөрү Гонконгдон учуп кетүүнү пландап жатышат”, — деп айтылат маалыматта.

Студенттерди чыгаруу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен Гуанчжоудагы башкы консулдуктук  тарабынан жүрузүлгөн.

Буга чейин Гонконгдо болуп жаткан нааразычылык акциялардан улам аталган аймакта билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Белгилей кетсек, Гонконгдо кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадиция кылуу мыйзам долбооруна каршы болуп миллиондогон адамдар бир нече айдан бери  нааразылык акцияларга чыгышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>