Кыргызстандын 10 сүт заводу РФга экспортко уруксат алды: веткызмат башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы

01.09.2026 | 16:29
Кыргызстандын 10 сүт заводу РФга экспортко уруксат алды: веткызмат башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы — Новости Кыргызстана

Бишкектеги ШКУ саммитинин алкагында Кыргызстандын Ветеринария кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Россельхознадзордун башчысы Сергей Данкверт менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун башкы жыйынтыгы — кыргызстандык сүт азыктарын кайра иштетүүчү он ишкана үчүн Россияга экспорттоого уруксат алуу болду.

Тараптар эпизоотиялык коопсуздук жана айыл чарба малдарын эмдөө маселелерин кеңири талкуулашты. Кыргызстан текшерилген ветеринардык препараттарды жеткирүү тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана россиялык «ВНИИЗЖ» мекемесинен вакциналарды түз сатып алууну жолго коюуга ниеттенүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Сергей Данкверт кыргыз делегациясын октябрь айынын башында Москвада өтө турган «Алтын күз» аттуу ири россиялык агроөнөр жай көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

Теги: ШКУ
Scroll to Top