ТИМ: Орусиядан келген 7 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

ТИМ: Орусиядан келген 7 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Орусиядан 6-апрель күнү чартердик каттам менен алынып келген жарандардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев онлайн жыйында айтты.

Анын айтымында, чартердик каттам менен 17 жаран келген. Алардын ичинен 7 адамдын анализинен коронавирус чыккан. Учурда бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ниязалиев кошумчалагандай, азыркы тапта чет өлкөлөрдө Кыргызстандын коронавирус жуктуруп алган 23 жараны бар.

Белгилей кетсек, 6-апрель күнү Орусиянын Екатеринбург шаарынан учуп келген адамдардын 12си обсервацияга алынган. Ал эми 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган болчу.

Аталган каттам менен Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов да учуп келген.

9-апрель саат 10:00гө карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны  280 адамга жетти. Алардын 35и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 34 медкызматкер бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>