Токмокто курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдө өз жанына кол салгандар көп болууда

Токмокто курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдө өз жанына кол салгандар көп болууда

Токмак шаарынын Жантаев көчөсүндө курулуп бүтө элек тогуз кабаттуу үйдө акыркы бир нече күндөн бери өз жанына кол салууга аракет кылгандар көп болуп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Куткаруучулар күн сайын имараттын үстүнкү кабаттарына чыккан адамдардын өмүрүн сактап калышууда.

Акыркы учур 21-ноябрда жекшемби күнү болгон.

«Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдөн (толук курулуп бүтө элек) 1998-жылы туулган О.Д. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Токмок шаардык №21 ӨККБдан 3 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.

Куткаруучулар секирем деген жаранды кармап калып, ылдый түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Өз жанын кыюуга аракет кылган жаран мас абалында экендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

20-ноябрь ишемби күнү саат 16:22де куткаруу кызматына ушундай эле чакыруу түшкөн. Куткаруучулар көп кабаттуу үйгө бир нече мүнөттө келишкен.

«Куткаруу иштеринин жүрүшүндө Токмок шаардык ӨКМнин өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, майор А.Ашыралиев өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды кармоого жетишкен. Андан соң куткаруучулар жана ИИМ кызматкерлери аны ылдый түшүрүшкөн», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Куткаруучулар бул үйгө жума күнү да барышкан. Саат 15:00 чамасында чалуу келип түшкөн. Алар суицидге барууга аракет кылган адам менен маектешип, андан соң аны көп кабаттуу үйдөн түшүрүүгө көндүрүшкөн. Жогорку кабаттарга чыккан жигит мас болгон.

Тэги: ӨКМ Токмок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>