Токмокто мал базарда уурулукка шектелген жаран кармалды

Токмокто мал базарда уурулукка шектелген жаран кармалды

2-декабрда Токмок ШИИБге акча каражатын уурдаганы тууралуу арыз менен 1976-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кайрылган.

Анын айтымында, 17-ноябрь күнү саат 12:00дөр чамасында «Мүрөк» мал базарынын аймагында белгисиз адамдар анын «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаасынан 320 миң сомун уурдап, изин жашырып кетишкен.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 1972-жылы туулган Н.Ф. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Н.Ф. Токмок шаарынын аймагындагы базарда ушул сыяктуу төрт кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>