Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Мугалимдерди оңдоо иштерине тартуу уланууда — Бекешев
18.06.2026 | 11:06

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Билим берүү министрлиги мектептерди оңдоого каражат жетиштүү экенин жана мугалимдер мындай иштерге тартылбашы керектигин айтып жатканына карабастан, айрым райондордо абал башкача болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерге оңдоо иштерине каражат жетишсиз экенин айтып, аларды ремонт иштерине тартууну улантууда. Мындан тышкары, мындай иштерге окуучулар да катыштырылып жатканын белгиледи.
«Муну токтотуш керек. Министрлер Кабинети ар бир мектепке канча каражат бөлүнгөнүн маалымдасын. Эгер деталдуу маалымат берсе, анда биз билебиз. Же болбосо ачык эле акча жок экенин айтып, чогуу бир нерсе кылалы. Болбосо бир нерсе айтылып, иш жүзүндө башкача болуп жатат. Бул туура эмес. Мен ар бир мектептин бюджети көрсөтүлүшүн суранам — акча барбы же жокпу», — деди Бекешев парламенттин жыйынында.
Депутат мектептерди каржылоо боюнча ачык-айкындуулукту камсыздап, ар бир билим берүү мекемесине бөлүнгөн каражат тууралуу маалыматтарды жарыялоого чакырды.
Теги: Жогорку Кенеш