«Тууну өбөйүн деген». Федерация балбандын Азия чемпионатындагы кадамына түшүндүрмө берди

«Тууну өбөйүн деген». Федерация балбандын Азия чемпионатындагы кадамына түшүндүрмө берди

Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 3 жолку чемпиону Орозобек Токтомамбетов Иорданияда өткөн чемпионатта желекке тизелеп олтуруп, ага таазим кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, Орозобек Токтомамбетов өзүнүн салмагында биринчиликти бербей, акыркы күрөштө үчүнчү алтынды тагынды.

«Бул U23дө ал өзүнүн жаш курагын аяктады. Адатта 23кө чыккан балбандар акыркы жеңишин майрамдоодо килемге спорттук бут кийимин же мамлекеттик туусун коюшат. Ага 10 секунд убакыт берилет. Орозобек эми эле тизелеп, сажда кылып, желекти өбөйүн дегенде судья убакыты бүткөнүн айтып, тургузуп жиберди», — дейт Алмаз Бекбоев.

Федерациянын вице-президенти спортчуларды сындабай, айрыкча Эл аралык олимпиада алдында колдоо көрсөтүүгө чакырат.

«Чемпионатка даярданып, үй бетин көрбөй, мээнеттенген спортчулардан кемчилик издебей колдоп коюш керек. Жеңишке жетишкен балбан мындай учурда биринчиден эйфорияда болот, экинчиден, убакыт аз берилгендиктен шашат. Ошондуктан желекти тескери кармаптыр, тигинтиптир-мынтиптир дештин зарылдыгы жок. Алардын ар биринде өзүнүн желеги бар, каякка барбасын кошо алып жүрөт. Биздин жигиттердей тууну урматтап, бийик көтөргөндөр жок болсо керек. Бул чемпионатта биз 11 алтын алдык, 11 жолу Кыргызстандын гимни ойнолду. Орозобек биздин күчтүү, келечектүү балбандардан», — дейт Алмаз Бекбоев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>