Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайт
Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
21.08.2022 | 12:09
Түркияда күз мезгилинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маалымат Стамбул шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин түркиялык кесиптеши Мевлюд Чавушоглу менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын экономика жана соода, коопсуздук жана коргонуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, транспорт жана энергетика, маданият, туризм, спорт сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну жана координациялоону тереңдетүүнү колдошту.
Бул жаатта эки тараптуу жана көп тараптуу механизмдерди максималдуу колдонууну макулдашты.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы