«Учкун» окуу китептеринин сатылышы боюнча кырдаалдан кийин сатылган китептердин реестрин киргизет

17.09.2026 | 13:57
«Учкун» окуу китептеринин сатылышы боюнча кырдаалдан кийин сатылган китептердин реестрин киргизет — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептеринин эркин сатууда жүргөнү аныкталгандан кийин, алардын сатылышына көзөмөлдү күчөтүү каралууда.

«Учкун» ААКнын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев билдиргендей, ишкана сатып алуучулар жана алар сатып алган китептердин саны тууралуу маалыматтар каттала турган реестрди киргизет.

«Бул эркин сатууга арналган продукция менен мектептер үчүн мамлекеттик буйрутма (заказ) боюнча басылган нускаларды так ажыратууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле көзөмөлдү күчөтүү максатында окуу китептерине QR- жана штрих-коддорду басуу пландалууда. Бул нускалардын басылгандан тартып конкреттүү билим берүү мекемесине чейинки кыймылын көзөмөлдөөгө шарт түзөт», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, борбор калаанын базарларында мамлекеттик мектептердин окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу китептери табылгандан кийин бул окуя коомчулукта чоң талкуу жараткан. Андан соң укук коргоо органдары алардын сатыкка кантип чыгып кеткенин текшере баштаган.

Бейшеевдин айтымында, жаңы окуу жылынын башына карата ишкана 23 миллион сомдук окуу китептерин саткан. Мында жеке жактар «Учкундан» ишкананын расмий сайтында көрсөтүлгөн тизмедеги китептерди сатып ала алышат. Сөз эркин сатууга уруксат берилген продукциялар, анын ичинде методикалык колдонмолор жана кошумча материалдар жөнүндө болуп жатат.

Ошол эле маалда бюджеттик каражаттын эсебинен мамлекеттик заказ менен басылган жана мектептерди акысыз камсыздоого арналган окуу китептери эркин сатыкка түшпөшү керек.

Бейшеев тактагандай, «Учкун» ААК мектеп окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик буйрутмаларды гана аткарат, ал эми Билим берүү министрлиги аларга болгон муктаждыкты аныктап, тираждарды мектептер арасында бөлүштүрөт.

Окуу китептери базарлардан табылгандан кийин УКМК жана Башкы прокуратура текшерүү иштерин баштаган.

Scroll to Top