Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Талас облусунда шагыл казган жана мыйзамсыз таштанды төккөн компанияларга айып пул салынды
17.09.2026 | 14:05

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас аймактык башкармалыгы региондо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча рейддерди өткөрдү.
Айтматов районунда инспекторлор «Гранит Транс Сервис» ишканасы тарабынан уруксат берүүчү документтери жок эле кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысын катташты. Компанияга 35 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, ошондой эле 30 түп бадалды жок кылгандыгы үчүн 15 212 сомдук доо коюлду.


Ал эми Талас районунда дагы бир ишканага курулуш жана турмуш-тиричилик калдыктарын атайын белгиленбеген жерге төккөндүгү үчүн чара көрүлдү. Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, аталган уюмга 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минприроды