Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кыргызстанда этке сунушталган баалар бекитилди: баасы канча турат?
17.09.2026 | 13:42

Кыргызстанда Монополияга каршы кызматы рынокту турукташтыруу максатында этке карата сунушталган бааларды бекитти. Малды багуудан баштап соода түйүндөрүнө чейинки бардык чыгымдарды талдоонун негизинде өлкөнүн аймактары боюнча уй жана кой этинин наркы аныкталды.
Облустар боюнча баалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Чүй облусунда уйдун жумшак эти — 850 сом, сөөктүү эти дүңүнөн — 700 сом, чекене — 770 сом, кой эти — тиешелүү түрдө 800 жана 880 сом.
- Нарын облусунда уйдун жумшак эти — 840 сом, сөөктүү эти — 690 жана 750 сом, кой эти — 820 жана 840 сом.
- Ысык-Көл облусунда уйдун жумшак эти — 870 сом, сөөктүү эти — 700 жана 770 сом, кой эти — 820 жана 840 сом.
- Талас облусунда уйдун жумшак эти — 850 сом, сөөктүү эти — 700 жана 770 сом, кой эти — 800 жана 840 сом.
- Ош облусунда уйдун жумшак эти — 870 сом, сөөктүү эти — 690 жана 750 сом, кой эти — 820 жана 880 сом.
- Жалал-Абад облусунда уйдун жумшак эти — 870 сом, сөөктүү эти — 700 жана 770 сом, кой эти — 820 жана 880 сом.
- Баткен облусунда уйдун жумшак эти — 880 сом, сөөктүү эти — 705 жана 775 сом, кой эти — 820 жана 850 сом.