Чоң кызматты ээлеген бир катар салыкчылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат билдиргендей, текшерүү учурунда акциз алына турган товарларды (ичимдик, чылым) чыгарган жана импорттогон компаниялар аларды көбүнесе өлкөнүн түштүк аймагына сатып жүргөн. Бирок тиешелүү базаларда жүктү коштоочу документтер чакыртылып алынган болуп чыккан.
Ошол эле учурда ал процедураларды көзөмөл кыла турган салыкчылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2024-жылы эле 3,2 млрд сомдук товарлардын документтеринин артка алынышын атайылап көңүл сыртында калтырган.
Аталган факт боюнча Бишкектеги райондук салык башкармалыктарында жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгында тинтүү жүргүзулүп, башкармалыктардын башчылары А.Р., Ж.У., А.Н. жана Т.А. кармалган.