Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Баткенде автогазоблок чыгарган ишкана курулууда
04.12.2024 | 18:17
Баткендин Кадамжай районунда автогазоблок чыгарган ишкана курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ишкананы салууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя, ал эми жергиликтүү бийлик 5 гектар жер бөлүп берген.
Учурда анын курулушу 80%га аяктады. Ал салынып бүткөндөн кийин башында 150дөй жумушчу иштейт. Кийин дагы 50 иш орун түзүлөт.
Ишкана жылына 160 миң куб метр продукция чыгарып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом