УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталды

12.10.2026 | 17:55
УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталды — Новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунда Кыргызстандан Тажикстанга ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүү каналын аныктап, ага бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынан турган топ өз ишмердигин жашыруу максатында кызмат адамына пара бергендиги аныкталган. Ошондой эле малды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү үчүн чек арадагы инженердик-техникалык тосмолор атайылап бузулганы белгилүү болгон.

Бул фактыга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, малды мыйзамсыз өткөрүү аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна жана баалардын калыптанышына таасир тийгизген.

УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталды — иллюстрация

Учурда окуянын жагдайларын тактоо жана бул ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Scroll to Top