УКМК бир катар жетекчилерди жемкорлукка шек санап кармады

УКМК бир катар жетекчилерди жемкорлукка шек санап кармады

Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын “Ак-Тилек” салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын алуу фактысы боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган ведомстволордун төмөнкү кызматкерлери кармалып, жеткирилген, алардан маркаланган акча каражаттары түрүндөгү буюм далилдери табылган:

1. Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматыны башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору “М.Э.Х.”, андан жеке тинтүү учурунда 4 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды;

2. Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагындагы салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору “Д.А.А.”, андан жеке тинтүү учурунда 6 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды;

3. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору “А.Н.Т.”, андан жеке тинтүү учурунда 5 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды, анын 1 миң сому маркаланган акча каражаты;

4.Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ак-Тилек” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору “М.А.”

Тинтүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору “Т.К.Н.” “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасынан «Ак-Тилек» Товарларды салыктык эсепке алуу пунктунун айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү документтери жок же товарлардын баасы төмөн бааланган товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сый акы катары системалуу түрдө алынган 114 300 сом накталай акча каражаты табылды. Бул өз кезегинде салык төлөмдөрүнүн жетишсиздиги түрүндө мамлекетке чоң зыян келтирет.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>