Эксклюзив

Формадагы «Саманчынын жолу»: ДКО үчүн Кыргызстандын курама командасынын образдары кантип жаратылган

25.08.2026 | 15:46
Формадагы «Саманчынын жолу»: ДКО үчүн Кыргызстандын курама командасынын образдары кантип жаратылган — Новости Кыргызстана

Кыргызстандык дизайнер жана ишкер, BAIRA мода үйүнүн жана этнобрендинин негиздөөчүсү жана башкы директору Толгонай Абышкаева (ошондой эле Толгонай Байра катары белгилүү), Reporter.kg басылмасына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстандын курама командасынын параддык формасынын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, форманы иштеп чыгуу жана даярдоо укугуна дизайнерлердин сынагынын жыйынтыгы менен ээ болгон. Жыйынтыктар жарыяланганга чейин Абышкаева анын долбоору тандаларына ишенген эмес.

«Мага менин дизайндарым бекитилгенин айтышканда, үлгүлөрдү тигүү керек болду. Концепциянын негизи катары, албетте, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынун брендбугун алдым. Ал ар бир жолу өзгөрүп турат», — деди дизайнер.

Форманы жасалгалоонун негизине Оюндардын айдентикасында колдонулган «Саманчынын жолу» концепциясы алынган. Анын элементтеринин бири катары өткөн чак менен азыркы учурдун байланышын символдоштурган жыгачтын кесиндисиндеги шакекчелер (алкактар) колдонулган.

«Ошондуктан параддык формага төмөндөн өйдө карай кеткен ийилген сызыктарды түшүрдүм. Кийимди заманбап жана ошол эле учурда ыңгайлуу кылууга аракет кылдым. Этникалык кездемелердин жардамы менен бир аз этноколорит кошуп, ал эми силуэтин так жана токтоо кылдым», — деп түшүндүрдү Абышкаева.

Курама команда үчүн эркектердин да, аялдардын да образдары иштелип чыккан.

Жалпысынан мода үйү 190 комплект параддык форма даярдаган. Дизайнердин айтымында, башында параддын катышуучулары көбүрөөк болот деп болжолдонгон, бирок кийинчерээк буюртма ушул санда токтогон.

Учурда негизги буюртма толугу менен аткарылып, өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда BAIRA бренди формага кошумча буюртмаларды алууну улантууда.

«Адамдар аны жандуу көргөндө, кээ бирлери башкалардан кийип көргөндө абдан жагып жатат жана алар дагы бизден сатып алууну каалашууда», — деди Абышкаева.

Дизайнер буюртманын так баасын атаган жок, бирок алынган алдын ала төлөм форманы даярдоонун өздүк наркын жабууга да жетпегенин белгиледи.

«Мунун баарын дүйнөлүк коомчулуктун алдында уят болбоо үчүн жана спортчуларыбыз бул кийимдерди сыймыктануу менен кийип жүрүшү үчүн чын жүрөктөн жасадым деп айткым келет», — деди ал.

Абышкаеванын айтымында, форманы иштеп чыгууда аны кийинчерээк колдонуу мүмкүнчүлүгү да эске алынган. Дизайнер спортчулар бул комплекттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда эле эмес, башка иш-чараларда да кие алгыдай кылып жасоого умтулган.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Reporter.kg — ДКОнун маалыматтык өнөктөшү.

Анара Мамытова

Теги: ВИК
Scroll to Top