УКМК депутаттын кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты (видео)

УКМК депутаттын кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты (видео)

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты.

УКМКнын маалыматы боюнча, депутаттын кеңешчиси Р.А.Р. алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоого шектелүүдө. Ал 2021-жылы парламентке жасалма документтерди жана өзү тууралуу жалган маалыматтарды берип жумушка орношкон. Ошондон бери мыйзамсыз түрдө маяна жана сый акы алып жүргөн. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда. Ошондой эле ал өлкө жетекчилигинин атын жамынып, ортомчу болуп кайсы бир маселелерди чечип берем деп алдоо жолу менен жарандардан акча алган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Р.А.Р. дагы башка иштерге катышы болушу мүмкүн деп шектелүүдө.

Эскерте кетсек, 12-сентябрда бир катар басылмалар УКМК депутат Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси кармалганын жазып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>