Бишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылды
Бишкек шаарынын «Көлмө» конушундагы Жаз көчөсүндө сейил бак пайдаланууга берилди. 29-сентябрда өткөн ачылыш аземине шаар мэри Айбек Жунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбаев катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Сейил бактын аймагына тротуарлар салынып, кичи футбол талаасы, воркаут жана спорт комплекстери орнотулган. Балдар ойноочу жайга резина жабуусу төшөлүп, суу агызуучу лотоктордун айланасына тор тосмо тартылган. Ошондой эле отургучтар коюлуп, аймак жарыктандырылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймакка «Коопсуз шаар» системасынын алкагында видеокөзөмөл камераларын орнотууну өтүнүшкөн. Мэр тиешелүү кызматтарга камераларды коюу маселесин изилдөөнү, чектеш көчөдө жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоону жана пандус жайгашкан тилкени тартипке келтирүүнү тапшырган.


