УКМК Ош жана Баткенден террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалганын билдирди

10.06.2026 | 09:59
УКМК Ош жана Баткенден террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалганын билдирди — новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош жана Баткен облустарынын аймагында эл аралык террордук уюмдардын 31 мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, 9-июнга караган түнү «Катиба аль-Таухид валь-Жихад» жана «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмдарынын мүчөлөрүн нейтралдаштырууга багытталган атайын операция жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Ош облусунда 11, ал эми Баткен облусунда 20 жаран колго түшүрүлгөн. УКМК кармалгандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге карата террордук актыларды уюштурууну пландашканын билдирди.

Тинтүү учурунда кармалгандардан төмөнкү буюмдар табылып, алынган:

  • диний-экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат сактагычтар;
  • каттоодон өтпөгөн 4 даана ок атуучу курал;
  • террордук уюмдардын символикалары;
  • чет өлкөлөрдөгү террордук түзүмдөрдү каржылоого арналган акча каражаттары.

Операцияга УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жетекчилик кылган. Түзүлгөн ыкчам штабдардын курамына ИИМдин, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, ӨКМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийликтердин жетекчилери кирген.

Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кармалгандардын байланыштарын текшерүү жана каржылоо каналдарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Scroll to Top