12-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтЯндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылууда
УКМК: Раззаковдо 226 млн сомдук кыш заводу мамлекетке кайтарылды
13.01.2025 | 11:42
Раззаков шаарында кыш чыгарган ишкана мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган кыш заводу 1994-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, анын 30% үлүшү гана мамлекетте калган. Андан бери ишкананы иштеткен “АООТ-Исфана” компаниясы тарабынан мамлекетке дивиденддер төлөнгөн эмес.
УКМК компаниянын акционерлери жана төрагасы А.Д. Анарботоев менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ишкана 1,2 гектар жери менен ыктыярдуу түрдө Раззакрв шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген. Ал 226 млн 44 миң сомго бааланат.