Кыргызстан менен Беларусь кооперацияны жана аймактар аралык байланыштарды күчөтүүдө

05.06.2026 | 16:22
Минкаб башчысы Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Турчиндин жолугушуусу

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Беларустун премьер-министри Александр Турчин Бишкектеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

Касымалиев өз билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өткөнүн жана кыргыз-беларус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калганын белгиледи.

Анын айтымында, тараптар соода-экономикалык кызматташууга, өнөр жай кооперациясына, аймактар аралык байланыштарга, туризмге, ошондой эле маданий-гуманитардык тармакка өзгөчө көңүл бурушту.

Минкаб башчысы саясий диалогду жана достук мамилелерди конкреттүү экономикалык долбоорлорго жана практикалык жыйынтыктарга айландыруу негизги милдет бойдон калып жатканын баса белгиледи.

Ал 2020-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү 4,5 эсеге өсүп, 46 миллиондон 206 миллион долларга жеткенин эске салды. Тараптар жакынкы беш жылдын ичинде бул көрсөткүчтү 500 миллион долларга жеткирүү максатын көздөөдө.

Эң келечектүү багыттардын бири катары өнөр жай кооперациясы аталды. Тараптар беларус техникасын жеткирүүнү кеңейтүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, айрым процесстерди локалдаштырууга жана адистерди даярдоого кызыкдар экени белгиленди.

Ошондой эле тараптар туристтик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташууну талкуулашты. Кыргызстан 2026-жылдын сентябрь айында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында беларус делегациясын кабыл алууга даярдыгын тастыктады.

Аймактар аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Күзүндө Минск шаарында Кыргызстан менен Беларустун аймактарынын форумун өткөрүү пландаштырылууда.

Иш сапардын жыйынтыгы менен айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууга, эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү кызматташууга, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жана маданият мекемелеринин ортосундагы алакаларга тиешелүү 12 документке кол коюлду.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-беларус ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Scroll to Top