УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады (ВИДЕО)

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады (ВИДЕО)

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «У.А.М.» опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран үстүбүздөгү жылдын 12-майында өзүнүн унаасы менен Базар-Коргон шаарынын тургунун талаага алып чыгып, физикалык күч колдонуу менен 150 000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган. 15-май күнү «У.А.М.» 15 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>