УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду

УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду

Бүгүн, 15-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кербен шаарында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы, заманбап административдик имараттын ачылыш аземи болуп өттү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылышка облустук башкы башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнүн имараты Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлердин иштөө шарттарынын талабына жооп бере турган керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: имарат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>