«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маек

Инсульт жаш жана сыртынан караганда дени сак адамды да тоорушу мүмкүн. Кыргызстанда жыл сайын бул оорунун 8–9 миңге жакын жаңы учуру катталат. Эмне үчүн мында ар бир мүнөт эсепте жана алгачкы белгилерди кантип байкабай калбоо керек? 29-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнүнө карата Reporter.kg бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы неврологу, Улуттук госпиталдын бюджеттен тышкаркы дарылоо-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Асель Керимкулова менен маектешти.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда инсульт канчалык олуттуу көйгөй бойдон калууда? Анын карылардын гана оорусу болбой калганы чынбы?
— Инсульт бүт дүйнөдө да, Кыргызстанда да саламаттык сактоо тармагындагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Ал өлүмгө, туруктуу майыптыкка жана жашоо сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Анын кесепети бейтапка гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөсүнө тиет.
Инсульт ар кандай куракта, анын ичинде жаш жана эмгекке жарамдуу адамдарда да болушу мүмкүн экенин түшүнүү зарыл. Жаштык бул оорудан коргой албайт.
Ошол эле учурда инсульттун атайын жабдууларсыз эле байкоого мүмкүн болгон мүнөздүү алгачкы белгилери бар. Аларды чоңдор да, балдар да — баары билиши керек. Негизги симптомдорду аныктоо үчүн СОККУ алгоритми колдонулат.
Reporter.kg’нин маалымкаты: СОККУ — Кыргызстанда иштелип чыккан, инсульттун алгачкы белгилерин тез аныктоочу алгоритм. Бул эл аралык FAST алгоритминин кыргыз тилиндеги аналогу болуп саналат. Ал медициналык билими жок адамдарга да коркунучтуу симптомдорду өз убагында байкап, тез жардам чакырууга жардам берет.
— Бул эмне менен байланыштуу? Кыргызстандыктар жүрөк жана кан тамырлардын саламаттыгына жетиштүү көңүл бурбай жатат деп айтууга болобу?
— Инсульттун пайда болушуна бир катар факторлор таасир этет: артериялык кан басымдын жогорулашы, кант диабети, холестериндин жогорку деңгээли, тамеки тартуу, ашыкча салмак, кыймыл-аракеттин аздыгы жана жүрөк ыргагынын бузулушу (мисалы, жүрөк дүлөйчөлөрүнүн фибрилляциясы).
Негизги көйгөйлөрдүн бири — көпчүлүк адамдардын оорунун белгилери ачык байкалганда гана дарыгерге кайрылышы. Ал эми гипертония жана май алмашуунун бузулушу жылдар бою дээрлик эч кандай белгисиз өтүшү мүмкүн.
Албетте, кыргызстандыктардын баары эле өз ден соолугуна кайдыгер мамиле кылат деп айтууга болбойт. Бирок профилактикалык текшерүүлөр, кан басымды жана өнөкөт ооруларды көзөмөлдөө адатка айланышы керек.
Жаштардын ден соолугуна көбүрөөк көңүл бура баштаганы кубандырат. Алар профилактикалык кароолордон, анын ичинде жыл сайын жалпы текшерүүдөн (чек-аптардан) көбүрөөк өтүп калышты.
— Акыркы жылдардагы инсульт менен ооругандардын жана өлүмдүн статистикасы кандай?
— Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын инсультка чалдыккан 8–9 миңге жакын жаңы учур катталат.
Улуттук статистика комитетинин баалоосу боюнча, жүрөк-кан тамыр оорулары жана андан каза болгондордун саны өсүүдө.
Өлкөдөгү жалпы өлүм учурларынын болжол менен 51%ы жүрөк-кан тамыр ооруларына жана алардын кесепеттерине, анын ичинде инсульт менен миокард инфарктына байланыштуу.
— Бейтаптардан көбүнчө кандай көйгөйлөрдү байкайсыз?
— Баарынан мурда, бул — кан басымдын көзөмөлгө алынбашы, кант диабетинин жана холестерин деңгээлинин жетишсиз көзөмөлдөнүшү, ошондой эле жазып берилген дары-дармектерди үзгүлтүксүз ичпөө.
Айрым бейтаптар гипертония өңдүү өнөкөт ооруларга каршы дарыларды ооруканада дарыланып жатканда гана ичүү керек деп эсептешет. Бирок мындай дарылар көбүнчө узак мөөнөткө жазылат жана аларды ичүү менен бирге ден соолуктун көрсөткүчтөрүн — кан басымды, кандагы канттын деңгээлин жана башкаларды дайыма көзөмөлдөп туруу талап кылынат.
Адам гипертониясы бар экенин билип туруп, кан басымын өлчөбөй же өзүн жакшы сезе баштаганда эле дары ичүүнү токтотуп койгон учурлар көп кездешет.
Дагы бир олуттуу көйгөй — медициналык жардамга кеч кайрылуу.
Адамдар кээде алсыздык, баш айлануу же сүйлөөнүн бузулушу өзүнөн өзү өтүп кетет деп күтүп жүрө беришет. Ошондуктан биз инсульттун алгачкы белгилерин жана тез арада жардамга кайрылуу зарылдыгын тынымсыз эскертип келебиз.
— Ар бир адам билиши керек болгон инсульттун алгачкы белгилери кайсылар? Кадимки эле чарчоо же ооруп калууга окшош симптомдор болобу?
— Инсульттун башкы өзгөчөлүгү — симптомдордун капыстан пайда болушу.
Негизги белгилерине төмөнкүлөр кирет:
• Беттин асимметриясы (ооздун бир бурчу ылдый түшүп, кыйшайып калышы);
• Колдун же буттун капыстан алсырашы же уюп калышы;
• Сүйлөөнүн же башкалардын айтканын түшүнүүнүн бузулушу;
• Көрүүнүн кескин начарлашы;
• Тең салмактуулуктун жана кыймыл-аракет координациясынын бузулушу.
Эгерде мындай белгилер капыстан пайда болсо, дароо тез жардам чакыруу зарыл. Абал өзүнөн өзү жакшырып кетет деп күтүүгө такыр болбойт.
— Инсульттан кийинки алгачкы мүнөттөрдө мээде эмне болот жана эмне үчүн тез арада жардамга кайрылуу маанилүү?
— Инсульттун эки негизги түрү бар: ишемиялык жана геморрагиялык.
Ишемиялык инсультта кан тамыр бүтөлүп, мээнин ошол бөлүгү кычкылтек жана глюкоза менен жетиштүү камсыздалбай калат.
Геморрагиялык инсультта болсо мээге кан куюлат.
Эки учурда тең мээ ткандарынын жабыркашы өтө тездик менен күчөйт. Ошондуктан бейтапты мүмкүн болушунча тезирээк ооруканага жеткирип, баш мээсине компьютердик (КТ) же магниттик-резонанстык (МРТ) томография жасап, ылайыктуу дарылоо ыкмасын аныктоо керек.
Медициналык жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, мээнин жабыркашын азайтуу жана анын функцияларын сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
— Бейтапты оор кесепеттерден сактап калуу үчүн дарыгерлерде канча убакыт бар?
— Ишемиялык инсультта кээ бир бейтаптарга венага тромболитикалык терапия жүргүзүүгө болот. Адатта ал симптомдор пайда болгон учурдан баштап алгачкы 4,5 сааттын ичинде колдонулат.
Бул дарылоо кан агымын бөгөп калган тромбду эритүүгө багытталган.
Учурда альтеплаза препаратын колдонуу менен мындай терапия Кыргызстандын бардык жети дубанындагы облустук ооруканаларда, ошондой эле Бишкектин үч мекемесинде: Улуттук госпиталда, Клиникалык тез жардам ооруканасында жана №2 шаардык клиникалык ооруканада жүргүзүлүүдө.
Бирок бул бир нече саат күтүп отурууга болот дегендик эмес. Жардамга токтоосуз кайрылуу кажет.
Симптомдор качан башталган так убактысын же адам акыркы жолу качан оорунун белгилери жок, соо абалында көрүнгөнүн дарыгерлерге айтуу абдан маанилүү.
— Инсультка шектенүү жаралганда эмнелерди кылууга такыр болбойт? Адамга суу, кан басымды түшүрүүчү дары же аспирин берсе болобу?
— Биринчи кезекте — дароо «103» номери аркылуу тез жардам чакыруу керек.
Абалдын өзүнөн өзү жакшырышын күтүүгө, адамдын оозуна суу тамызууга, тамак же таблетка берүүгө болбойт. Инсультта жутуу рефлекси бузулушу ыктымал, андыктан тамак же суюктук дем алуу жолдоруна кетип калуу коркунучу бар.
Ошондой эле кан басымды өз алдынча кескин түшүрүүгө болбойт. Дарылоо тактикасы инсульттун түрүнө жана бейтаптын абалына жараша аныкталат.
Өзгөчө дарыгерлер мээге кан куюлганын аныктап жокко чыгаргыча, аспирин бербөө өтө маанилүү. Болбосо, препарат кан агууну күчөтүп жибериши ыктымал.
Тез жардам келгенге чейин бейтаптын коопсуздугун камсыздап, анын эсине жана дем алышына көз салып, оорунун белгилери пайда болгон убакытты так эстеп калуу жана ал ичип жүргөн дарылар тууралуу маалыматты даярдоо зарыл.
— Инсульт коркунучун алдын ала аныктоого кандай текшерүүлөр көмөктөшөт? Кан басымды өлчөп, ЭКГ жасатып коюу эле жетиштүүбү?
— Кан басымды өлчөө жана электрокардиограмма абдан маанилүү, бирок дайыма эле жетиштүү боло бербейт.
Адамдын жеке тобокелдик факторлоруна жараша дарыгер кандагы глюкоза менен холестеринге анализ тапшырууну, жүрөк ыргагын текшерүүнү, эхокардиограмманы (жүрөктүн УЗИси), ошондой эле баш менен моюндун кан тамырларын изилдөөнү дайындашы мүмкүн.
Ошол эле учурда баш мээнин КТ жана МРТсын, кан тамырлардын УЗИсин профилактика үчүн эле баарына жапырт жасоонун кажети жок. Мындай текшерүүлөрдүн зарылдыгын симптомдорго жана тобокелдик факторлоруна жараша дарыгер өзү аныктайт.
— Сиздин оюңузча, кыргызстандыктардын кайсы адаттары инсульт коркунучуна көбүрөөк таасир этет?
— Баарынан мурда — тузду ашыкча колдонуу, тамеки чегүү, аз кыймылдуу жашоо образы, туура эмес тамактануу жана жогорку кан басымга көңүл бурбоо.
Жаныбарлардын майларын жана ашыкча көмүртектерди азайтуу, салмакты көзөмөлдөө жана дайыма кыймылда болуу өтө маанилүү.
Аталган факторлордун баары гипертониянын, семирип кетүүнүн, кант диабетинин жана башка кан тамыр ооруларынын пайда болушуна жол ачат.
Бирок адамдын адаттарын гана эмес, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, калктын маалыматтуулугун жана ар бир адамдын ден соолугунун жекече өзгөчөлүктөрүн да эске алуу абзел.
— Инсульттан кийин толук айыгып кетүүгө болобу? Кадимки жашоого кайтуу мүмкүнчүлүгү эмнелерге байланыштуу?
— Ооба, кээ бир бейтаптар толугу менен же дээрлик толук айыгып кетишет, бирок божомол дайыма ар бир адамда жекече болот.
Бул инсульттун түрүнө, мээнин жабыркаган бөлүгүнүн көлөмүнө жана жайгашкан жерине, симптомдордун оордугуна, дарылоонун өз убагында башталганына жана коштолгон башка ооруларга көз каранды.
Мында реабилитация зор роль ойнойт. Ал кыймыл-аракетти, сүйлөөнү, жутууну, эс-тутумду жана башка когнитивдик жөндөмдөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет. Инсульттан кийин оорунун кайталанышына жол бербөө үчүн тобокелдик факторлорун да көзөмөлдөө зарыл.
— Инсульт коркунучун азайтууну каалаган кыргызстандыктарга үч негизги кеңешиңиз кандай болор эле?
— Биринчиси — артериялык кан басымды дайыма өлчөп туруу жана дарыгер белгилеген дарылоо режимин так сактоо. Экинчиси — тамекиден баш тартуу, тузду чектөө, салмактуу тамактануу, салмакты нормада кармоо жана кыймылдуу болуу. Үчүнчүсү — инсульттун алгачкы белгилерин билүү жана алар байкалганда дароо тез жардам чакыруу.
Көпчүлүк тобокелдик факторлорун өз убагында аныктап, көзөмөлгө алууга болот. Ошондуктан оорунун алдын алуу (профилактика) чынында эле өтө маанилүү.
Анара Мамытова