Улакчы-милиционер Уланбек Насакеев тууралуу кызыктуу фактылар

Улакчы-милиционер Уланбек Насакеев тууралуу кызыктуу фактылар

Көк бөрүнүн күйөрмандары улакчы Уланбек Насакеевди жакшы тааныса керек. Ал Кыргызстанда аты чыккан «Бөрүлү», «Достук», «Сары-Өзөн» өңдүү командаларынын катарында ойноп, спортто бир катар ийгиликтерге жеткен. Бирок спорт күйөрмандарынын арасында Уланбек Насакеев бир гана улакчы эмес, милиция кызматкери катары ички иштер органдарында кызмат кыларын билбесе керек.

Ички иштер министрлиги улакчы-милиционер Улан Насыкеев тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү:

  • Уланбек Насакеев Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.
  • Бала кезинен тартип сакчысы болууну кыялданган Уланбек Насакеев 2012-жылы ИИМдин Кавалериялык взводуна кызматка орношуп, кыргыз милициясынын да намысын коргоп, спорттук мелдештерге катышып келет.
  • Быйыл анын ички иштер органдарында кызмат өтөп жатканына 11 жылдан ашты.
  • Ички иштер органдарына келерден мурда ат жалында ойноп, 2004-жылдан баштап «Бөрүлү», «Достук», «Сары-Өзөн» командаларынын катарында көк бөрү ойноп келген.
  • Уланбек Насакеев көк бөрү боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун 4 жолку чемпиону болгон. Ошондой эле, көп ирет «мыкты оюнчу» наамын алган.
  • Уланбек Насакеев милициядагы наамы — улук лейтенант. Ал Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери жана Кыргыз Республикасынын спортунун чебери болуп саналат.
  • Анын кызматтык милдети башка милиционерлерден айырмаланып, ат жалында коомдук коопсуздукту карайт. Тактап айтканда, Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынын полкунун 5-ротасынын кавалериялык взводунда кызмат өтөйт. Учурда взводдун командири.

«Негизинен биздин кызматтын өзгөчөлүгү ат үстүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылганыбыз жана бул взводдогу ар бир кызматкерге унаа эмес, аттын бекитилип берилгени. Биз коомдук коопсуздукту сактоо максатында сейил бактарга кайгуулга чыгабыз, чет өлкөдөн келген конокторду тосуу, узатуу иш-чараларында, мамлекеттик резиденцияда өз милдеттербизди аткарабыз. Ар бир атты кароодо жоопкерчилик чоң. Бул аттарга ар бир кызматкер бекитилип, анын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, кандай гана иш-чара болбосун, күн сайын коомдук тартипти сактоого даярдап турабыз. Кызматыбызга күн сайын келип, өзүбүзгө бекитилген атты карап, тоютун берип, саламаттыгына көңүл бурабыз. ИИМ тарабынан дагы тиешелүү деңгээлде камкордук көрүлөт. Анткени бул аттар ИИМдин карамагында болгондуктан, тоюту, сарайы, башка керектелүүчү каражаттар менен бир жылга толук камсыздалып турат», — дейт Насакеев.

Белгилей кетсек, ИИМдин тутумундагы Кавалериялык взвод 1990-жылы 10-июнда түзүлгөн. 2019-жылы Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирген. Учурда Кавалериялык взводдо 19 кызматтык ат бар. Ал эми кызматкерлер мурда атайын жөндөмүнө карата тандалып алынса, азыр Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын тутумуна кирип калгандыктан, аталган кызматка бекитилген жалпы сынактын негизинде тандоо менен алынат. Кызматтык аттардын аты, жылы жазылган атайын документтери дагы бар. Бекитилген документте аттын дарылоо, мөөнөтү менен кароо жүргүзүү иштери дыкат жазылып турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>