Россия кыргыз жаранын Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты

Россия кыргыз жаранын Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты

Россиянын укук коргоо органдары кыргыз жараны Имамидин Алапаевди Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Тажикстан Имамидин Алапаевге эл аралык издөө жарыялап, ал Россиянын чек арасын кесип өткөндө кармалган.

Алапаев — Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук округуна караштуу Мургаб айылында туулган этникалык кыргыз.

2010-2013-жылдары Тажикстандын куралдуу күчтөрүндө келишим менен кызмат өтөгөн. Ага 2013-жылы  “Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алапаевдин айтымында, ал Кыргызстанга келүүгө аргасыз болот. Бул аралыкта ал өлкөнүн жарандыгын алып, 2023-жылы Россияга иш издеп барат.

Акыйкатчынын аракети менен Россиянын Рубцовск транспорттук прокуратурасы Алапаевди кылмыш жоокерчилигине тартуу мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда аяктаганы тууралуу токтом чыгарды. Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы аны бошотту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>