Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү

Улуттук банктын башкармалыгы 26-октябрда эсептик ченди 12% деңгээлинде сактап калды. Чечим 27-октябрдан тартып күчүнө кирет.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын октябрында жылдык инфляция 10,8%ды түздү. Сентябрда бул көрсөткүч 12,2% болгон. Жыл башынан бери баалар 8,5%га өстү. Улуттук банк инфляциянын басаңдашын акча-кредит саясатынын катаал шарттары жана өкмөттүн социалдык маанилүү товарлар менен рынокту камсыз кылууга багытталган инфляцияга каршы чаралары менен байланыштырат. Ошол эле учурда тышкы факторлордун таасири уланууда. Алардын катарына Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын шартында дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүшү кирет.
2026-жылдын тогуз айында реалдуу ички дүң продукт (ИДП) 10,8%га өстү. Улуттук банк өсүштү инвестициялык активдүүлүктүн, негизинен курулуш тармагындагы инвестициялардын жогору болушу, реалдуу кирешелердин өсүшүнүн натыйжасында ички керектөөнүн көбөйүшү, ошондой эле туристтик активдүүлүк жана эл аралык иш-чаралар менен түшүндүрөт.
Эсептик чен тышкы инфляциялык тобокелдиктерди эске алуу менен өзгөртүүсүз калтырылды. Жөнгө салуучунун максаты — орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5–7%га чейин төмөндөтүү. Улуттук банк кыска мөөнөттүү акча рыногундагы чендер, анын ичинде банктар аралык BIR чени эсептик ченге жакын деңгээлде калыптанып жатканын белгиледи. Ички валюта рыногундагы абал да туруктуу. Баалардын туруктуулугуна коркунуч жаралган учурда Улуттук банк акча-кредит саясатын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Эсептик чен боюнча башкармалыктын кийинки пландуу жыйыны 2026-жылдын 30-ноябрында өтөт.