Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Улуттук банктын былтыркы кирешеси ага чейинки төрт жылдан да көп болду
10.03.2025 | 09:00
Улуттук банктын 2024-жылы тапкан кирешеси ага чейинки төрт жылдан да көп болду. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Маалым болгондой, былтыр Улуттук банк 45,7 млрд сом киреше тапкан. 2023-жылы – 12,4 млрд, 2022-жылы – 10,19 млрд, 2021-жылы – 12,98 млрд жана 2020-жылы – 6,96 млрд сом пайда көргөн.
Улуттук банктын 2020-2023-жылдары тапкан кирешесин кошкондо, ал 42,53 млрд сомду түзүп, 2024-жылдагы кирешеден аздык кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика