«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров кызматтан кетти

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров кызматтан кетти

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров башка кызматка өтүп жаткандыктан кызматтан кетти. Бул тууралуу анын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловдун атына жазылган арызы Facebook баракчасына жарыяланды.

“Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм! Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик! Биз бир үй-бүлө боло алдык”, – деп жазган Назаров.

Айтмамат Назаров  парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанып, үгүт өнөктүгү учурунда талапкерликтен баш тарткан. Буга анын Жалал-Абал облусунун Жазы-Кечүү жана Зардалы айылдарындагы электр жарыгын берип, эл менен жолугушканда сүйлөгөн сөзү себепчи болгон.

Ал «Улуттук энергохолдингдин» жетекчи болуп 2019-жылдын май айында дайындалган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>