Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди

Бүгүн, 28-октябрда, Сыймык Жапыкеев президентикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын сайтында кабарланды.
Жоюлуп кеткен Каржы полициясынын төрагасы болгон Сыймык Жапыкеев буга чейин президенттикке талапкерлигин коёрун билдирген. Кийинчерээк ал мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган «Кыргызтестке» тест тапшырып, бирок өтпөй калган. Белгилей кетсек, бул тест президенттик шайлоого катышуу үчүн керек.
Андан кийин, 18-октябрда, Жапыкеев милиция кызматкерлери аны кечинде үйүнөн кармап кетишкенин билдирген. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жапыкеев борбор калаанын Жаманбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде ызы-чуу салып, мас абалында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги үчүн кармалгандыгын билдирген.
Ушул окуялардан кийин Сыймык Жапыкеев кайрадан «Кыргызтестке» тест тапшырып, андан ийгиликтүү өткөн.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында аяктайт.