Үрүмчүдө курулуш тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгы боюнча меморандум түзүлдү

Кытайдын Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту менен Синьцзян курулуш илим изилдөө институту менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Үрүмчү шаарындагы кыргыз делегациясына агенттиктин директору Канат Канболотов жана министрликтин адистери кирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагында тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтык жана инфраструктуралык долбоорлорго кытайлык компаниялардын катышуусу боюнча маселелер талкууланган. Документ заманбап технологияларды киргизүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Синьцзяндагы нөлдүк энергия керектөөчү имаратка жана курулуш илимий-өндүрүштүк лабораториялык комплексине барышкан.