Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилди

29.10.2026 | 12:45
После вмешательства омбудсмена жителю Ноокенского района назначили пенсию — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы тургуну Н.М.га пенсия чектелди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран Акыйкатчыга үч жылдан бери пенсияга чыга албай жүргөнүн айтып кайрылган. Ага аскердик билетинин жоголушу жана мыйзам боюнча талап кылынган 6 жылдык камсыздандыруу стажынын жетишсиздиги (болгону 3 жыл 1 ай 17 күн) себеп болгон. Аскер комиссариатында анын кызматтан бошотулганы тууралуу маалымат жоктугунан улам аскердик мөөнөтү стажга кошулган эмес.

Териштирүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жер үлүшү бар экени, бирок ал боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөй келгени аныкталган. Адистердин түшүндүрүүсүнөн кийин жаран тиешелүү төгүмдөрдү жана карыздарын төлөгөн.

Институт карыз жабылгандан кийин пенсия дайындоо маселеси кайра каралып, Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгы тарабынан 8-октябрынан тарта жаранга пенсия эсептеле баштаганын билдирди.

Scroll to Top