Уруша кете жаздаган эки депутат кайра жарашты — видео
26.12.2019 12:53
Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп кетти.
Эки депутаттын уруша кете жаздашы Бишкек шаарын каптаган кара түтүн боюнча токтом долбоорун күн тартибине киргизүү маселесинен улам келип чыккан.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу депутаттардын ортосунда жөн гана талаш-талкуу болгонун жазып, бул парламенттин ишине мүнөздүү көрүнүш экенин белгилеп өттү.
“Эл өкүлдөрү мушташып кете жаздады же жакалашты деген маалыматтар жаңылыш. Тазабек мырза өзүнөн улуу адам менен андай чатакка барбайт болчу деп эсептейбиз”, – деген ал.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.