Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапкерлери кармалды
25.03.2025 | 14:51
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Иисус” каймана аты менен белгилүү активдүү мүчөсү жана анын эки тарапкери уурдоо, каракчылык, опузалап талап кылуу кылмыштарына шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, уюшкан топтун мүчөсү М.Б.М. жана тарапкерлери К.У. жана М.С.М. материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Мындай жол менен ал тааныш-билиштерине жалпысынан баасы 170 миң доллар болгон мүлктү каттаган.
Учурда кармалган жарандар тергөө абагына камакка алынган. Алар уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар