Венгриялык спортчулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды

01.06.2026 | 17:52
Жогорку Кенеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-венгер мамилелеринин учурдагы абалын, парламенттер аралык кызматташтыкты, ошондой эле экономикалык, маданий жана гуманитардык багыттардагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Марлен Маматалиев элчинин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгы стратегиялык деңгээлге чыкканын айтты.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Төраганын айтымында, Жогорку Кеңеш менен Венгриянын Мамлекеттик жыйыны туруктуу диалог жүргүзүп келет, ал эми тармактык комитеттер менен достук топторунун кызматташуусу эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө көмөктөшүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марлен Маматалиев венгриялык спортчуларды жана Венгриянын өкүлдөрүн быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Өз кезегинде Шандор Дороги Кыргызстандагы ишмердүүлүгү мезгилинде көрсөтүлгөн колдоо үчүн парламент жетекчилигине ыраазычылык билдирип, элчилик тарабынан ишке ашырылган долбоорлор тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле өзүнүн дипломатиялык миссиясы аяктагандан кийин да эки өлкөнүн кызматташтыгы өнүгө берерин белгиледи.

Тараптар мындан тышкары эл аралык аянтчалардагы кызматташууну, анын ичинде ТүркПАнын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын талкуулашты.

Scroll to Top