Армения азырынча ЕБ жана ЕАЭБ боюнча референдум өткөрбөйт – Никол Пашинян

Азыркы учурда Арменияда Европа Биримдиги менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ортосунда тандоо боюнча референдум өткөрүүгө негиз жок, деп билдирди өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян. Бул тууралуу «Арменпресс» жазат.
Премьер-министр Армения «ЕБ менен ЕАЭБдин ортосунда тандоо жасоо сөзсүз зарыл болуп калганга чейин» ЕАЭБдин алкагында иштей берерин белгилеп, «ЕАЭБ менен ЕБдин ортосунда тандоо боюнча чечимди Армения эли кабыл алышы керек» деп кошумчалады.
«Армения ЕБге мүчө болуу үчүн расмий арыз бермейинче же уюмга мүчөлүккө талапкер макамына жакындамайынча, кандайдыр бир референдумду өткөрүү логикага сыйбайт. Бүгүнкү күндө бул тандоо теориялык мүнөзгө ээ, ал эми теориялык тандоону референдумга алып чыгуу, албетте, анчалык деле акылга сыярлык жана туура иш эмес, буга эч кандай негиз жок», – деп келтирет Пашиняндын сөзүн армян басылмасы.
Ал ошондой эле Армения ЕАЭБде «тынч, бейпил, ашыкча нерв коротпой, талаш-тартышсыз» иштей турганын кошумчалады.
Эске салсак, май айынын аягында Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Беларустун президенттери биргелешкен билдирүү жасап, анда Армения ЕАЭБде калабы же ЕБге кирүүгө умтулуусун улантабы деген маселени чечүү үчүн өлкөдө референдум өткөрүүнү колдоп чыгышкан.
Алардын пикиринде, Еревандын ЕБге кирүүгө даярдануусу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «экономикалык коопсуздугуна олуттуу тобокелдиктерди» алып келет.