Мектептеги акча чогултуу: Төрөбаев милицияга арыз жазууга чакырды

Мектептеги акча чогултуу: Төрөбаев милицияга арыз жазууга чакырды

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мектептердеги акча чогултуу учурлары боюнча ата-энелерди милиция жана прокуратурага арыз жазууга чакырды.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов билим берүү министри кызматына талапкерлиги сунушталган Уланбек Мамбетакуновго кайрылып, «мектепте акча чогултуу көйгөйүн кантип токтотосуз?» деген суроо узатты.

Мамбетакунов министрликтин тиешелүү буйругу мектептерге жөнөтүлгөнүн айтып, аныкталган учурлар боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Андан кийин Икрамов вице-премьер Төрөбаевге бул маселе боюнча кайрылды. Төрөбаев учурда өлкөдө мектеп директорлору алмаштырылып жатканын жана аларга акча чогултууну токтотуу боюнча катуу талап коюлуп жатканын билдирди.

«Карапайым эл 500 сом, 2 миң сом бере албайт. Кыйналып жатышат. Жаңы дайындалган директорлорго катуу талап коюлуп жатат. Эгер ким акча талап кылып жатса, ата-энелер коркпостон милицияга, прокуратурага арыз жазсын», -деди ал .

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>