Орусиянын президентти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы 8-майда Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындай маалыматты орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга билдирди.
“Ооба, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Москва шаарында Жеңиш майрамынын алдында жолугат”, — деген Песков.
Анын айтымында, Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүсү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга чейин кабыл алынган.