Непалдагы кырсыктан кеминде 160 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз болууда

Непалдын Кытай менен чектешкен Расува аймагында 26-августта болгон жер көчкү жана андан кийинки суу ташкынынан кеминде 160 адам каза болду. Жүздөгөн адамдар дайынсыз болууда, алардын арасында туристтер бар. Бул тууралуу эл аралык ЖМКлар жазууда.
Непалдын туризм боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, 579 турист дайынсыз болууда. Алардын ичинде АКШнын, Австралиянын, Улуу Британиянын жана Канаданын жарандары бар. Ошондой эле Германия, Испания, Нидерланды жана Индиянын жарандары да изделүүдө.
Кытайдын CCTV мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Тибеттин Гиронг районунда 558 адам дайынсыз болууда, алардын 260ы чет өлкөлүктөр.
Алдын ала маалыматтар боюнча, суу ташкыны Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндөн улам келип чыккан.
Табигый кырсыктын кесепетинен турак жайлар, жолдор, көпүрөлөр жана гидроэнергетикалык объекттер кыйрады. Суу астында калган калктуу конуштардын арасында Тимуре жана Сьяпрубеси бар.
Непалдын премьер-министри Балендра Шах куткаруу иштерине армияны жана коопсуздук кызматтарын тартууну буйруду. Кызыл Крест уюму жабыркаган аймакка гуманитардык жардам жөнөттү. Куткаруу иштерине тик учактар да тартылды. Учурда издөө иштери улантылып жатат.